17:34, 23 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын дагы бир орун басары дайындалат

Жогорку соттун түзүмүнө санариптештирүү маселелери боюнча орун басарлык кызматы киргизилүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун негиздөөчү документинде судьялардын саны көбөйбөйт. Анткени жаңы орун басар мекеменин учурдагы кызматчылардын ичинен дайындалат деп жазылган.

Бирок аны кармоого республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынат. Биринчиден, судьянын бир жылда алган айлыгы менен орун басар катары ала турган айлыгынын ортосундагы айырма 162 миң сомду түзөт. Экинчиден, депутатка кызматтык унаа керек болот, анын баасы болжол менен 3 миллион 466 миң 848 сомду түзөт. Ал эми эми күйүүчү майдын лимити жылына 252 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары жаңы орун басарга катчы жана айдоочу керек болот. Алардын жылдык маянасы 772 миң 431,58 сомду түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18