14:51, 23 сентября 2024, 24.kg

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10°, күндүз 14...19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13°, күндүз 21...26°,

тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, күндүз 6...11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6°, күндүз 8...13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3...8°, күндүз 13...18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°,

республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −3° сууктан...+2° жылуулука чейин, күндүз 3...8°, бийик тоолордо түнкүсүн −2...-7°, күндүз 0...5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18