12:34, 23 сентября 2024, 24.kg

Көмүскө экономиканын деңгээли 19 пайызга азайганы айтылды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов 2023-жылы көмүскө экономиканын деңгээли 19 пайызга чейин кыскарганын билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы көмүскө экономиканын деңгээли 21 пайызды, 2022-жылы 20,2 пайызды түзгөн.

Депутат Алишер Эрбаев чиновник мындай сандарды кайдан алганын сурап, Чоро Сейитов өзү жакында эле көмүскө экономиканын 27 пайызы тууралуу айтканын эске салды. Буга министрдин орун басары 2023-жылга карата так маалымат жана анализдин жыйынтыгы жок деп жооп берди. Ал болгону болжолдуу маалыматты жарыялагандыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18