09:00, 23 сентября 2024, 24.kg

Сузактагы шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыда келе жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы 81 шайлоо участкасындагы автоматташтырылган эсептөө урналарынан (АЭУ) алынган маалымат боюнча, № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Добуш берүүнүн акыркы натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыгы учурда бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлүп жаткан добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.

Алдын ала эсептөө боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Бейшенбек Бегматов 212 — 1,01%;

Алтынбек Кылычбаев 10174 — 48,32%;

Юлия Лилиенталь 749 — 3,56%;

Мелисбек Кошалиев 2435 — 11,56%;

Жыргалбек Сейдакматов 2493 — 11,84%;

Медербек Сапарбаев 3280 — 15,58%;

Асилбек Арапбаев 1351 — 6,42%;

Барына каршы 134 — 0,64%.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18