19:22, 20 сентября 2024, 24.kg

21-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, түнкүсүн бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +27...+29 градус болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18