14:38, 20 сентября 2024, 24.kg

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футзал курамаларынын беттеши өтөт

 Бүгүн, 20-сентябрда  Бишкекте Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япония менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн борбор калаадагы "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде саат 20:00дө башталат.

Эске салсак, Тайландда өткөн Азия кубогунун "С" тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы ошол кездеги континенталдык чемпион Японияны 3-2 эсеби менен жеңген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18