10:38, 20 сентября 2024, 24.kg

«Кыргызнефтегаз» ААК акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды

«Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчилиги тарабынан жеңилдетилген баада сатылып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, компаниянын мурдагы башкармалыгынын төрагасы Б.Р.А. 2019-жылы орусиялык «Газпром» компаниясынын активдерин сатуу боюнча мамлекеттик программанын шылтоосу менен акционерлерден акцияларды сатып алууну уюштурган.

«Кийинчерээк кызматтык абалынан пайдаланып, 383 миң 590 даана акцияны аффилирленген жактардын атына каттатып, арзандатылган баада сатып алган. Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 65 млн 615 миң 400 сомду түзгөн акциялар ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18