14:16, 19 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстандык балбандар Эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан «Oil Capital Cup 2024» эл аралык мелдешинде жалпы 9 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, үчөө күмүш жана төртөө коло медаль.

Алсак, Акыл Сулайманов (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.

Адилхан Нурланбеков (72 кг), Нурманбет Райымалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбаев (130 кг) 2-орунду ээлешти.

Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Мелис Айтбеков (97 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда улук машыктыруучулар Арсен Эралиев жана Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18