12:03, 19 сентября 2024, 24.kg

Бишкекте жасалма арак чыгарган цех аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери контрафакттык алкоголдук продукция чыгарылган мыйзамсыз цехти аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жайды текшерүү учурунда 120 бөтөлкө жасалма арак жана 114 жасалма акциздик салыктар аныкталып, алынган.

Иштин материалдары кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы тамеки жана алкоголдук продукцияларды акциздик салыксыз сатуу үчүн айып пул салынып, кылмыш жоопкерчилиги каралаарын эскертет. 1 миң даанага чейин тамеки буюмдарын акциздик салыксыз сатуу 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми андан чоң көлөмдө — беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Ведомство ишкерлерди мыйзам бузбоого жана сатуудан мурун акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18