14:24, 18 сентября 2024, 24.kg

«Аю Холдингдин» мурдагы президентин кармалды. Себеби

«Аю Холдингдин» мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Асанбек (Көлбаев) менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган.

О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды.

Азыркы учурда кармалган О.Б.А. нын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18