11:46, 18 сентября 2024, 24.kg

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо: Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-чиновник бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган жана кылмыштуу кирешелерди адалдаганы үчүн камакка алынгандыгы айтылды.

 Ага карата УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды.

Photo 345626

Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча "К.Б."ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кетип, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылган. Буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкен.

Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18