09:10, 18 сентября 2024, 24.kg

Азия кубогу: Бишкекте футбол боюнча жаштар арасында тандоо оюндары өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында футбол боюнча 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт.Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаштар курама командасы Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы «I» тайпада жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет.

Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышат. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18