14:28, 17 сентября 2024, 24.kg

Токмокто 120 миллион сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Токмак шаарындагы менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты жана ага чектеш аймак мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын 3-кичи районундагы № 18 дарегинде жайгашкан, аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер кайтарылды.

Менчик ээси «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун» башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18