09:25, 17 сентября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстанга «Борбор Азия-Германия» мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

— транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

— президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германиянын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18