12:29, 16 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казак командасын реванш өткөрүүгө чакырды

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы казакстандык спортчуларды 1-ноябрда Ысык-Көлдүн жээгинде «Биримдик» кубогун өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу аталган федерациянын жетекчиси Рамис Жунусалиев билдирди.

«Талаштуу маселелерди жоюу үчүн казак тарапка реванш өткөрүүнү сунуштайбыз. Коңшу өлкөнүн спортчуларын «Биримдик» мелдешине катышууга чакырабыз», — деди ал.

Сунуш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы спорттук байланышты чыңдоого, ошондой эле калыс оюнду камсыздоого багытталган.

Эске сала кетсек, Астанада (Казакстан) өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) турниринин финалында мушташ чыгып, беттеш токтотулган. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө кыргызстандыктар эсепти 3:1 кылып өз пайдасына чечишти. Казакстан Республикасынын курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев кыргыз оюнчусу Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ушундан кийин мушташ башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18