13:10, 13 сентября 2024, 24.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна өлкө бюджетинен 11 миллиард сом бөлүнөт

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргыз Республикасы 11 миллиард сом жумшайт. Бул тууралуу Каржы министрлиги сунуштаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда айтылат.

Документке ылайык, 2025-2027-жылдарга биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 2025-жылы 2 миллиард 418 миллион сом, 2026-жылы 4 миллиард 291 миллион сом, ал эми 2027-жылы — 4 млрд 374 млн.

Долларды 84,36 сом курсу боюнча алганда, бул тиешелүүлүгүнө жараша 28,67 миллион долларды, 50,87 миллион долларды жана 51,85 миллион долларды түзөт. Инвестициялардын жалпы суммасы 131,39 миллион долларды түзөт.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда темир жол долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш келишимди 19-июнда ратификациялап, президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койгон.

Жолдун курулушу ушул жылдын октябрь айында башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18