12:07, 13 сентября 2024, 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын балансында 1 миң 276 автобус бар

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын балансында учурда 1276 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мэрия президенттин тапшырмасы менен бюджеттик акчага 1120 автобус сатып алган. Дагы 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредиттик каражатка алынган.

Эфирге чалган угармандын «Эски автобустар кайда?» деген суроосуна аталган ишкананын директору 2009-жылы алынган унаалар борбордун муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эсептен чыгарылып, сатылган деп жооп берди.

Талант Капаров бул автобустар күнүнө 700 миң жүргүнчүнү тейлей турганын айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектен 50 автобус Жалал-Абадга өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18