11:29, 13 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстандык Эльдар Алишеров ЕЭКте министри болуп дайындалды

Кыргызстандык Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында айтылат.

Мындай чечим Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

«Элдар Алишеровдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жетекчилик кызматында чоң тажрыйбасы бар. 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Photo 345214

Акыркы бир жарым жыл Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеген», — деп айтылат маалыматта.

2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин «Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча бүтүргөн, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган. 2023-жылы ага экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде мамлекеттик кызматтан баштап, 2008-2010-жылдары аталган бөлүмдө иштеген.

2011-2014-жылдары — бизнес тармагында иштеген.

2014-2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө иштеген.

2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары болуп иштеген.

2022-2023-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы.

2023-жылдын 1-мартынан 2024-жылдын сентябрына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеген.

Элдар Алишеров ЕЭКте иштеген жетинчи кыргызстандык болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18