18:18, 12 сентября 2024, 24.kg

Депутат аны кабыл алууда күтүргөн аткаминерлерге нааразы болду

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Кокулов чиновниктердин эл өкүлдөрүнө жасаган мамилесине нааразычылыгын билдирди.

Эл өкүлү «Мен эки жарым жылдан бери эл депутаты болуп келем, бир нерсени түшүнбөй турам: Кыргызстанда депутат деген ким? Мен өз укугумду коргой албасам, элдин укугун кантип коргойм? Бир жакка барсаң киргизбейт. Алар эшикте күтүп тургула деп жетекчиликке телефон чалып, сурашат. Бизде кол тийбестик бар, туурабы? Же кээ бир эл депутаттарында бар, менде жокпу? Мен күтүү залдарында бир саат отура албайм», — деди ал.

Парламентарий жеке көйгөйлөрүн чечүү үчүн аткаминерлерге барбаганын айтып, министрлер кабинетинен анын укугун коргоону суранды.

Эрулан Кокулов ошондой эле Ала-Тоо аянтындагы иш-чараларда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери көчөлөрдү тосуп, Жогорку Кеңештин депутаттарын өткөрбөй жатканына нааразы болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18