13:19, 12 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстанда тик учактар ​​чыгарыла баштады

Ата мекендик «Шумкар» компаниясы эки орундуу тик учактарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун Фейсбукта жарыялаган видеосунда айтылат.

«Кыргызстанда чыгарылган тик учактар. Азыр алар көргөзмөдө сынакка катышып жатышат. 70 литр күйүүчү майы бар эки орундуу машина үч саатта 600 чакырым жолду басат. Алардын баасы 60 миң доллардан башталат», — деп белгиледи Орунбеков.

Видеонун өзүндө тик учактын тетиктери Польшадан алынып келингени, Кыргызстанда чакан платформалардан уча ала турган толук кандуу эки орундуу тик учак чогултулуп жатканы айтылат. Бул тик учактарга БАЭден келген коноктор буга чейин кызыгып жатканы белгиленген

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18