11:18, 12 сентября 2024, 24.kg

Алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтө башташты

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтө баштаганын билдирди.

Анын айтымында, алдамчылар жарандарга 100 миң сом которуп, анан телефон чалып, өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, акчаны жаңылып которгондугун айтып, кайра кайтарып берүүнү суранышат. Бул үчүн шилтемелерди жөнөтүп, жаран аларды басканда ага онлайн насыя берилет.

Эскерте кетсек, жыйында онлайн насыя маселеси депутат Сүйүнбек Өмүрзаков тарабынан да көтөрүлүп, ал мындай насыяларды берүү системасын татаалдаштырууну суранган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18