19:50, 11 сентября 2024, 24.kg

Көчмөндөр оюндары −2024: Кыргызстан алыш күрөшү боюнча эки алтын медаль утту

Учурда Астана шаарында бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары уланып жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей бүгүн, 11-сентябрда алыш күрөшүнүн жыйынтыгы боюнча эркектер арасында 60 кг салмакта Абидинов Баяман, 80 кг салмакта Каныбек уулу Ирлан алтын медаль тагынышты.

Ал эми 70 кг салмакта Каимов Калысбек жана Мусабек уулу Азизхан коло медалга татыктуу болушту.

Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Астанада 9-14-сентябрь күндөрү өтүп жатат. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңдей адам катышып жатат. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан 282 спортчу катышууда. Алар оюндардын программасына кирген спорттун бардык түрлөрү боюнча күч сынашат

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18