18:24, 11 сентября 2024, 24.kg

«Эркечтам» өткөрүү пунктунда бажычыларды сабаган 30га жакын адам кармалды

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 «ортомчу» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрынан 10-сентябрына караган түнү «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабап салышкан.

Бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган адамдардын тобу иштеп жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, экономика тармактарындагы эффективдүүлүктү жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, жогоруда аталган жактар «Эркечтам» алдын ала бажы процедурасы жерине (АБПЖ) карата бажы ишин монополиялаштырышкан жана Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алышып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Каратай» Бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.

«Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча, 10-сентябрда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды.

«Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18