18:08, 11 сентября 2024, 24.kg

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Хива шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле Төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Шарапаткан Мажитова, Чынберди Толонов жана Чыңгыз Ажибаев бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18