13:24, 11 сентября 2024, 24.kg

Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессия төрайымынын орун басары болду

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп БУУдагы туруктуу өкүл Аида Касымалиева дайындалып, өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында Башкы ассамблеянын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү. Ага Камерундан Филемон Янг төрагалык кылды.

Эске сала кетсек, Аида Касымалиева 2021-жылдын декабрында БУУдагы туруктуу өкүл болуп келген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Аида Касымалиева парламенттин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда аны колдогон. Ал тууралуу «Тарыхтын тик ашууларында» деген даректүү тасма тарткан. Мурда ал журналист болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18