12:50, 11 сентября 2024, 24.kg

Бишкекте скутер жана мотоцикл айдоочуларына карата масштабдуу рейд жарыяланды

12-сентябрдан тарта республика боюнча скутер жана мотоцикл айдоочуларына каршы масштабдуу рейддер башталат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Мындай чара өлкөдө скутер жана мопеддердин катышуусундагы кырсыктар көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.

«Акыркы убакта мотоциклдердин, мотороллерлердин жана мопеддердин катышуусундагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, түнкү катуу үн жарандардын уйкусун бузуп жатат. Мындан тышкары, транспорттун бул түрүнүн жогорку ылдамдыгынан өзгөчө кырдаалдар жаралып, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаралууда», — деп кошумчалады Байказы Айтикул уулу.

Photo 344925

Белгилей кетсек, тиешелүү документтери жана каскалары жок айдаган скутер жана мопедисттерге айып пул салынып, унаалары айыпка тартылат.

Эскерте кетсек, 10-сентябрда Түштүк магистралда скутер бетон аралаштыргычтын дөңгөлөктөрүнүн астында калган адам өлүмү менен коштолгон кырсык болгон. Анда 17 жаштагы мопеддин айдоочусу каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18