22:35, 10 сентября 2024, 24.kg

«Ак шумкарлар» Өзбекстанга 2:3 эсеби менен жеңилип калды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Өзбекстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши аяктады. Оюн 2:3 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына чечилди.

Биринчи таймда таймаш 2:2 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө өзбек спортчулары эсепти жаңылап, «Ак шумкарлардын» дарбазасына гол киргизди.

Буга чейин 5-сентябрда 1-турдагы матчта Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешкен. Анда ирандыктар жеңишке жетишкен.

Белгилей кетсек, жалпысынан 18 команда 3 топко бөлүнгөн.

Кыргызстандын курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея менен А тайпасында жайгашкан

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18