16:40, 10 сентября 2024, 24.kg

Бишкек-Москва поезди 18-декабрдан тарта каттай баштайт

Бишкек-Москва поезди 18-декабрдан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-6-сентябрда мамлекеттик ишкананын адистери КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2025-жылга эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин иштеп чыгуу боюнча Москвада өткөн кеңешмеге катышты.

Жыйындын жыйынтыгында 18-декабрдан тарта Бишкек-Москва жүргүнчүлөр поездинин ишин жандандыруу боюнча Орусия жана Казакстандын темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Ал жумасына эки жолу өтөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоодон улам Самарага поезд каттамы кыскарганын эске салды.

Сатуулардын башталышы жана билеттердин баалары кошумча жарыяланат.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы Бишкек — Казань (жумасына бир жолу), Бишкек — Новосибирск (сегиз күндө бир жолу) жүргүнчү поезддери ишин улантат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18