15:18, 10 сентября 2024, 24.kg

Коргоо министрлиги: Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу башталганын Коргоо министрлиги билдирди.

Ведомстводон кабарлашкандай, бүгүн, 10-сентябрда республикалык жыйындар пунктунда Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан аскерге чакырылгандардын биринчи тобун андан ары аскердик кызмат өтөө жерине узатуу аземи болду.

3 миңден ашык аскерге милдеттүүлөр Коргоо министрлигинин, УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.

Күзгү чакыруу 30-ноябрга чейин болот. Аскерге чакыруу курагындагы (18 жаштан 25 жашка чейинки) кийинкиге калтырууга же бошотууга укугу жок Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18