Көчмөндөр оюндары −2024. Кыргызстан көкпар курамасы Түркияны 15:1 эсебинде жеңди
Бүгүн, 10сентябрда Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) командасы Түркиянын командасын утуп алды. Беттешти УТРК спорт телеканалы түз алып берди.
Акыркы эсеп 15:1.
Белгилей кетсек, оюндардын алкагында көкпар боюнча тогуз команда катышууда.
Финал 12-сентябрга белгиленген.
Эске сала кетсек, бир күн мурун кыргыз курамасы Монголиянын командасын утуп алган