11:39, 10 сентября 2024, 24.kg

Паралимпиада-2024: Кыргызстандык спортчуларга 500 миң сомдон сыйлык берилди

Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада боюнча курама командасын «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди.

«Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиздер үчүн сиздерге өлкөнүн президентинин жана министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, бүгүн бүт Кыргызстан сиздердин күчүңүздөрдү көрүп турат. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз», — деди минкаб башчысынын орун басары.

Ал спортчуларга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Паралимпиадалык команданын курамында — Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) бар. Спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18