08:52, 10 сентября 2024, 24.kg

Көчмөндөр оюндары −2024: Командалык эсепте Кыргызстан экинчи орунга чыкты

 Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Photo 344717

Алтын медаль ээлери:

- Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);

- Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);

- Эльза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).

Күмүш медаль ээлери:

- Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);

- Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);

- Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);

- Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);

- Кемал Оболбеков ( казак күрөшү, 55 кг);

- Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);

- Асель Садырова (салттуу жаа атуу);

Коло медаль ээлери:

- Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);

- Байбол Саламат уулу ( казак күрөшү, 66 кг);

- Искак Токонов (салттуу жаа атуу);

- Ажар Исаева (кураш, 70 кг).

Мындан сырткары, ата мекендик спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.

Ошондой эле, чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18