18:31, 09 сентября 2024, 24.kg

Кара-Мык чек ара бекетинде бала бакча ачылды: УКМКнын башчысы белектер берди

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык чек ара заставасынын аймагында 50 орундуу «Байчечекей» жаңы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Салтанатка башкармалыктын башчысы Камчыбек Ташиев да катышты.

Ал белгилегендей, чек арачылар Ата Мекендин чегинде болуу менен мамлекеттик чек араны гана коргобостон, өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечеги үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Чек ара бикетинин аймагында тарыхта биринчи жолу мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп, иштей баштады. Бала бакчанын курулушу кыска мөөнөттө бүткөрүлдү: мезгил кутутсу 2023-жылы сентябрда салынып, мекеме 2024-жылдын сентябрь айында алгачкы балдарын кабыл алган.

Бала бакчага аскер кызматкерлеринин балдары да, жакынкы райондордун жашоочуларынын балдары да барышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18