18:12, 09 сентября 2024, 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды ишембиликке чакырды

Ишемби күнү, 14-сентябрда борбор калаада күзгү жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара салттуу түрдө 15-сентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулууда.

«Тазалоо иштеринин жүрүшүндө белгиленген жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды тазалоого, чарбакер субъекттердин жанаша жана чектеш аймактарын, ошондой эле шаардагы сейил бактарды жана гүлбактарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат», — деп кошумчалады мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитет жарандарды сыртка чыгып, шаарды тазалоого чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18