17:46, 09 сентября 2024, 24.kg

Бишкекте 23 жаштагы кыз 9-кабаттан кулап, каза болду

2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек ШИИБге Көк-Жар кичи районунда кыз 9-кабаттан кулап кеткени тууралуу чакыруу түшкөн. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдирди.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, окуя болгонун тастыкташкан.

Каза болгон адам 2001-жылы туулган Р.Д. Кырдаалды тактоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалды. Аталган факты Октябрь РИИБнин маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18