16:30, 09 сентября 2024, 24.kg

Көчмөндөр оюну-2024. Кыргыз курамасы көкпарда Монголияны 16:0 эсебинде утуп алды

Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) командасы алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий соцтармактагы баракчасында маалымдалды.

Монголиянын курама командасы менен болгон беттешүү 16:0 эсебинде биздин спортчулардын пайдасына аяктады.

Көкпар мелдешине жалпысынан тогуз команда катышууда.

Photo 344671

Эске сала кетсек, көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдеши бүгүн, 9-сентябрда башталат.

Кыргызстандын атынан 268 спортчу катышууда.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтүп жатат. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18