15:16, 06 сентября 2024, 24.kg

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18