14:48, 06 сентября 2024, 24.kg

Көчмөндөр оюну-2024. Жапаров Кыргызстандын командасын узатуу аземине катышты

Photo 344411

Кабинеттин сүрөтү. Акылбек Жапаров Мамлекеттик тууну Мирлан уулу Бактиярга тапшырды

8-14-сентябрда Астанада (Казакстан) өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот», — деди минкаб төрагасы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга Мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18