15:04, 05 сентября 2024, 24.kg

Бишкекте скутер эки адамды сүзүп, анын бири каза болду

Бишкекте скутер айдаган 32 жаштагы айдоочу кармалды. Ал эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, анан жеңил унаага урунганын борбор калаанын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 3-сентябрда саат 21.15тер чамасында болгон.

Скутер Чүй проспектиси менен батышты көздөй бара жатып, орто жолдо турган эки жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Андан соң скутер жеңил унаага урунган. Жөө жүргүнчүлөрдүн бири 31 жаштагы С.Т., алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылган.

 

Photo 344248

Скутердин айдоочусуна карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Байкабастыктан өзгөчө оор залалга алып келген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча иш козголду. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

ИИМ белгилегендей, өлүмдүн себебин жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Автоунаалар соттук-автотехникалык жана трацеологиялык экспертизага дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча КР Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18