10:50, 05 сентября 2024, 24.kg

Бүгүн Кыргызстан-Иран футболдук беттеши болот

Бүгүн, 5-сентябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран курамасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн Ирандын Исфахан шаарына жакын 15 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Фуладшехр стадионунда өтөт.

Беттеш бүгүн, 5-сентябрда саат 22:00дө өтөт. Оюн «Ала Тоо» аянтындагы чоң экрандан көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18