11:48, 04 сентября 2024, 24.kg

Депутат кыздардын жоолугун чечүүгө мажбурлаган мугалимдерди жазалоону суранды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон мектептеги окуучу кыздарды жоолугун чечүүгө мажбурлаган мугалимдерди жазалоону суранды.

Депутаттын айтымында, мектеп окуучуларынын конституциялык укуктары тебеленип жатат.

Ал Билим берүү министрлиги прокуратура менен биргеликте бул маселени карап, мугалимдердин аракетине юридикалык баа бериши керек деп эсептейт.

Эмке салсак, бир күн мурун Билим берүү министрлиги «Кыргызстандын айрым мектептеринде хиджабды мажбурлап чечип жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18