18:36, 03 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина сентябрдын аягына чейин жеткирилет

Кыргызстанда сасык тумоого каршы вакцинаны жеткирүү сентябрдын аягына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Мамлекеттик ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, сасык тумоого каршы 67 миң 796 доза вакцинаны борборлоштуруп сатып алууга 20 миллион сом бөлүнгөн.

Салыштыруу үчүн: 2023-жылы вакцинанын 90,7 миң дозасы, 2022-жылы 82,7 миң доза сатылып алынган.

Эмдөө акысыз, биринчи кезекте, тобокелдик тобуна кирген адамдарга жасалат, атап айтканда:

медициналык кызматкерлер;

өнөкөт оорулары бар адамдар;

тез-тез ооруган балдар;

65 жаштан ашкан адамдар;

кош бойлуу аялдар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18