15:37, 03 сентября 2024, 24.kg

ЖК депутаты Бишкек-Кара-Балта жолунун долбооруна нааразы болду

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Медербек Саккараев Бишкек-Кара-Балта жолунун долбооруна нааразы болду.

Анын айтымында, ар бир 100 метр сайын жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр орнотулуп, бул жолдо авариялык абалды жаратууда.

Мындан тышкары, эл өкүлү трассанын жарыктандырылышына нааразы болду.

«Темир-бетон мамычалар оң жагына да, сол жагына да орнотулуп, алар кичинекей прожекторду кармап турган. Бир темир-бетон мамы 17-18 миң сом турат. Бул ысырапкорчулук. Баардык өнүккөн өлкөлөрдө жолдун ортосуна ромашка формасында орнотулган жарыктандыруучу мамылар орнотулган», — деди.  Эл өкүлү Транспорт жана коммуникация министрлигин акча алдаган деп айыптады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18