15:10, 03 сентября 2024, 24.kg

Ала-Тоо аянтында эки күн боюу «Күз кайрыктары» аттуу музыкалык кече өтөт

Бишкектин Ала-Тоо аянтында эки күн боюу «Күз кайрыктары» — «Күз күүсү» музыкалык кечелери өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда саат 19.30да Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерти болот.

Эртең, 4-сентябрда Улуттук филармониянын эстрадалык симфониялык оркестри ата мекендик популярдуу обондорду жана тасмалардан саундтректерди аткарат.

Борбор калаадагы Жол кайгуул кызматы 24.kg басылмасына билдиргендей, алар бул күндөрү Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин саат 17.00дөн баштап музыкалык кечелер аяктаганга чейин жол кыймылына чектөө киргизилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18