14:50, 03 сентября 2024, 24.kg

Бишкектеги № 13 мектептин айланасындагы курчоо алынды. Милициянын маалыматы

Бишкектин No13 мектебинен эвакуациялоо токтотулганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24.kg басылмасына билдирди.

Буга чейин мектептин аймагы курчоого алынып, бардык окуучулар жана кызматкерлер чыгарылып кеткени айтылган.

ИИМ билдирүүсү: бүгүн, 3-сентябрда болжол менен саат 10.45те Москва көчөсүндөгү мектептердин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, кинологдор жана саперлор барган. Издөөдөн эч нерсе чыккан эмес — жардыруучу түзүлүш табылган эмес.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18