11:26, 03 сентября 2024, 24.kg

Бишкектин батыш тарабында эки күн жаратылыш газы болбойт

Бишкектин батыш тарабында эки күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 5-6-сентябрь күндөрү Профсоюзная көчөсү, П.Лумумба көчөсү, Кубаныч көчөсү, Кайназарова көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Месарош көчөсү, Ильменский тар көчөсү менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18