10:33, 03 сентября 2024, 24.kg

Бишкектеги батирлердин биринде электр чыңалуусунан асма шам жарылды

Борбор каалада 2-сентябрда саат 23.00 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси, 21 дарегинде электр тармагындагы ашыкча чыңалуудан улам лампочка жана аны менен кошо асма шам жарылган. Бул тууралуу 24.kg басылмасына окурман билдирди.

Анын айтымында, батирге айнек сыныктары чачылып, күйүк жыт пайда болгон. Шаар тургуну айткандай, тармакка муздаткыч жана телефондун заряддоочу аппараттары гана кошулган. Ал үйдө электр жарыгы үзгүлтүккө учураган жагдайлар көп байкалгандыгын билдирген.

«Коңшу батирлердин көбүндө да свет жок. Кимге кайрылуум керек жана зыянды ким оңдойт?». — деп сурайт окурман.

Видеодо батирде жарык өчүп, бирок лампалар күйүп жатканын көрүүгө болот. Буга чейин Бишкек шаарынын тургунунун айтымында, ушундай эле окуяда микротолкундуу меш жана электр чайнеги күйүп кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18