18:28, 30 августа 2024, 24.kg

Нуржигит Кадырбековдун депутаттык мандаты Эрнис Айдаралиевге берилди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Бош калган эл депутаттык мандаты «Ыйман нуру» партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өттү. Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Photo 343660

Парламенттин жаңы депутаты 39 жашта. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги жана КГУСТАны экономист адистиги боюнча аяктаган.

2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматында адис болуп иштеген. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик курулуш бөлүмүнүн кызматкери болгон.

Эске сала кетсек, 22-августта Нуржигит Кадырбеков «Ыйман» фондунун иши боюнча күбө катары УКМКга сурак берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18