17:57, 30 августа 2024, 24.kg

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучулардын спорттук кийимдери даяр

Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчулар параддык форманы 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аталган кийим 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18