16:18, 30 августа 2024, 24.kg

Бишкектеги бузулган кафелердин ордуна сейил бак курулду

Photo 343622

Бишкекте бузулган «Батуми» жана «Шашлычная No1» кафелеринин ордуна эс алуу багы курулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда «Жал» кичи районунда «Муун» сейил багынын расмий ачылышы болот.

Эскерте кетсек, Бишкектин ошол кездеги вице-мэри Нурдан Орунтаевге «Батуми» кафесинин бузулушу боюнча кылмыш иши козголгон. Кафенин ээси бузуу боюнча соттун чечими жок экенин билдирди. Чуулгандуу окуяга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кийлигишип, кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери аныкталганын билдирген. Тактап айтканда, ал кафенин конструкциясын бузуп, алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түздөн-түз жок кылуу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кийин кафесинин ээлери 2023-жылдын июль айында бузула тургандыгы тууралуу эскертүүдөн кийин кафени өздөрү бузуп салышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18